Жумуш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору У.Темиралиев Өзбекстандын бир катар өнөр жай объектилери менен жолугушууларды өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси У.Темиралиев «Узкимёсаноат» акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Э.Коржиков менен жолугуп, Кыргыз Республикасынын аймагында кальций карбидинин өндүрүү долбоорду ишке ашыруу боюнча кызматташуунун жолдорун  талкулады.

Маалымат үчүн: «Узкимёсаноат» акционердик коому Өзбекстан Республикасынын химиялык ишканаларын бириктирген ажырагыс корпоративдик түзүм болуп саналат. Компания химиялык ишканаларды өнүктүрүү үчүн өндүрүштүк, инновациялык, маркетингдик программаларды иштеп чыгат жана ишке ашырат.

Компаниянын түзүмүндө 13 өнөр жай ишканасы, илимий-изилдөө жана долбоорлоо институту, «Киметранс» жана «Кимиотранс-логистика» тышкы экономикалык транспорттук-экспедициялык уюмдар ошондой эле «Хамкор-кимиосервис» брокердик компаниясы бар.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу, заманбап технологияларды колдонуу жана эл аралык стандарттарга ылайыктуу иш-чаралардын артыкчылыктуу пландарын талкуулады. Ошондой эле кальций карбиди (өндүрүү үчүн төмөнкү компоненттер сапаттуу көмүр, 20 МВт электр энергиясы жана суу)  керек экени айтылды. Жыйынтыгында тараптар маселени мындан ары биргелешип изилдөө үчүн байланыштарды алмашышты.

Маалымат үчүн: 2023-жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында өткөн «Кыргызстан-Өзбекстан» бизнес-форумунун алкагында Кыргыз Республикасында кальций карбидин өндүрүү боюнча комплексти куруу «Бай Дыйкан» ЖЧКсы менен «Узкимёсаноат» ААК ортосунда 20 млн долл. долбоор 2023-2026ж.ж. ишке ашыруу мезгили менен белиленип келишимге кол коюлган.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча макулдашуу: Кальций карбидин технологиялык өндүрүштүн талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын көмүр кендерин сапатын жана шайкештигин аныктоо үчүн изилдөө боюнча чечим кабыл алынды. Көмүр аныкталгандан кийин долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу.

Ошондой эле агенттиктин жетекчиси жайыт чарбаларын өнүктүрүү ассоциациясынын төрагасы Э.Хайытов менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун негизги максаты – Кыргыз Республикасынан Өзбекстан Республикасына айыл чарба продукциясын жана майда малды жеткирүү боюнча келишимдерди ишке ашыруу болду. Жолугушууда У.Темиралиев айыл чарба продукциясын экспорттоону илгерилетүү боюнча мамлекеттик жана жеке секторлор тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер жана аны көбөйтүүнүн эбегейсиз потенциалы тууралуу маалымат берди. Өз кезегинде Э.Хайытов 70 миң баш майда малды, ошондой эле койдун жүнүн сатып алууга кызыкдар экенин жана даяр экендигин билдирди.

Ошону менен катар тараптар жибек өстүрүү тармагындагы кызматташууну жана бул тармакты Кыргыз Республикасынын аймагында кайра жандандыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Маалымат үчүн: Бүгүнкү күндө Өзбекстан Республикасында 22 миң 400 тонна пилла өстүрүлгөн. Пилла өстүрүү менен 1 миллиондон ашык айыл эли алектенет. Өстүрүлгөн пиллалардан 2400 тонна жибек сырьёсу, 793 тонна жибек жун алынат. Кайра иштетилген жибек сырьёсунан 9 миллион линиялык метрден ашык жибек кездемелери чыгарылат. 2022-жылга жибек буюмдарын экспорттоо 100 миллион АКШ долларын түздү.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча макулдашуу: Өзбекстан Республикасына МРС жеткирүү жагында жигердүү кызматташуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жибек өстүрүү тармагындагы потенциалын биргелешип изилдөө жана Өзбекстан Республикасынын тажрыйбасын жана технологияларын колдонуунуп Кыргыз Республикасындагы жибек чарбасын кайра жандандыруу.

Улуттук агенттиктин жетекчиси У.Темиралиев ошондой эле Golden Dried fruits компаниясынын башкы директору Саидвали Насретдинов менен жолугушту.

Бул компания толук цикл ишкана болуп саналат. Ишкана жашылча-жемиштерди өстүрүү боюнча жооптуу уюмдарга, жашылча-жемиштерди кайра иштетүүчү, сорттоочу жана экспорттоочу ишканаларга, ошондой эле кургатылган жана тоңдурулган жашылча-жемиштерди өндүрүүчү ишканаларга бөлүнөт.

У.Темирлиев аталган компаниянын ишмердүүлүгү жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты. Өз кезегинде улуттук агенттиктин жетекчиси Кыргыз Республикасынан мөмө-жемиштерин, жаңгактары менен камсыз кылып андан ары Европа биримдигинин өлкөлөрүнө экспорттоону сунуштады. Ошондой эле мөмө-жемиштерди кайра иштетүү жана даяр, органикалык продукцияны Кытай Эл Республикасына экспорттоо боюнча биргелешкен ишкана түзүүсүн сунуштады.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча макулдашуу: У.Темиралиев айыл чарба тармагындагы рынокту жана үчүнчү өлкөлөргө чыгуу мүмкүнчүлүгү бар биргелешкен ишкана ачуу мүмкүнчүлүгүн изилдөө үчүн Кыргызстанга келүүгө чакырды.

Мындан тышкары, У.Темиралиев «Golden Corn» компаниясынын башкы директору Ш.Шүкүров менен жолугушуу өткөрдү. Ишкананын негизги багыттары: жүгөрү крахмалын, патокасын, мальтозаны, мальтодекстринди жана башкаларды өндүрүү. Ошондой эле май өсүмдүктөрү жана мал азыгы үчүн сырьену: жүгөрү кабыгын, биокошумчаларды, мал азыгын өндүрүү үчүн жабдуулары бар. Жолугушуунун максаты – Кыргыз Республикасынан Өзбекстан Республикасына жүгөрү данын жеткирүү маселесин талкуулоо.

Маалымат үчүн: 2023-жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында өткөн «Кыргызстан-Өзбекстан» бизнес-форумунун алкагында Кыргыз Республикасына жүгөрү данын жеткирүү боюнча 100 миллион АКШ доллары өлчөмүндө «Бай Дыйкан» жана «Golden Corn» компанияларынын ортосунда келишимге кол коюлган.

Ш.Шүкүров компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, кызматташуу мүмкүнчүлүгүнө токтолду. Ал ошондой эле жылына 80 000 тонна продукцияны импорттоого даяр экендигине ишендирип, Кыргыз Республикасында өстүрүлгөн жүгөрүнүн сапатын жогору баалады. Муну менен катар У.Темиралиев Кыргыз Республикасынан келген жүктөрдүн көлөмүн кеңейтип, дыйкандарга бул багытта кошумча маалымат берүү зарылдыгын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча макулдашуу: «Бай Дыйкан» ишканасына жүгөрү данын жеткирүү шарттарын үзгүлтүксүз жана тоскоолдуксуз аткарууга максималдуу жардам көрсөтүү жана жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Жумуш сапарынын соңунда КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси У.Темиралиев Өзбекстан Республикасынын Айыл чарба министринин орун басары К.Юлдашев менен жолугушуп, Өзбекстан Республикасынын Президенти Ш.М.Мирзиеевдун ушул жылдын январь айында Кыргыз Республикасында мамлекеттик сапарынын алкагында макулдашылган долбоорлорду тездетүү боюнча  аракеттер талкууланды.

Ошондой эле айыл чарба тармагындагы пахтачылык, жибек чарбасы, кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Эки өлкөнүн жогорку потенциалы жана аны толук пайдалануу зарылдыгы өзгөчө белгиленди. Ошону менен бирге тараптар мал чарбасы жана ветеринария тармагында тыгыз кызматташтыкты түзүү жагынан келечектүү багыттарды талкуулашты. Өз кезегинде К.Юлдашев бул багытта Бишкек жана Ош шаарларында семинар өткөрүүгө даярдыгын билдирди. Кошумчалай кетсек, быйыл Ош жана Нарын облустарында элиталык үрөндүк картошканы өстүрүү жана көбөйтүү маселеси көтөрүлдү. Ошондой эле бул багыттагы иштерди тездетүү зарылчылыгы белгиленди..

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн продукцияны андан ары Кытайга экспорттоо менен биргелешкен ишканаларды түзүү сунушталды.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча макулдашуу: тараптар Ош жана Нарын облустарында үрөндүк картошка өстүрүүгө бөлүнгөн жер тилкелерин изилдөө үчүн адистерден турган жумушчу топту жөнөтүүнү макулдашышты. Ошондой эле мал чарбасы жана Өзбекстан Республикасына ири мүйүздүү жана майда мүйүздүү малды жеткирүү жаатындагы кызматташтык боюнча иштерди күчөтүү керектигин белгилешти.