Агенттиктин башчысы Кытай бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

2022-жылдын 30 сентябрында Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев Кытай «Goldy Mount» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

 

«GOLDY MOUNT» компаниясы өзүнүн ишин курулуш материалдарын жеткирүү, комплекстүү инженердик кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле тышкы экономикалык ишмердүүлүк чөйрөсүндө жүргүзөт. Компания Россия Федерациясынын аймагында, Казакстан, Грузия, Азербайжан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдө иштеп жатат. Компания ири масштабдагы мамлекеттик долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышат, мисалы: – “TASHKENT CITY”, эл аралык каржы борбору, ошондой эле бир катар башка долбоорлордо.

 Жакынкы келечекте, компания төмөнкү долбоорлорду ишке ашырууну пландап жатат 1) КМШ өлкөлөрүндө жана дүйнөлүк аренада тышкы экономикалык инвестициялык ишти өнүктүрүү.

2) жашыл энергетика чөйрөсүндөгү ишти жөнгө салуу. Жабдууларды каржылоо жана күн жана шамал электр станцияларын кеңейтүү.

3) Өзбекстан, Казакстан, Беларусь, Кыргызстан жана КМШнын башка өлкөлөрүнө электромобилдерди, тетиктерди импорттоо. Ошондой эле электромобилдер тармагында сапаттуу тейлөө кызматын өнүктүрүү.

Мындан тышкары, компания туризм тармагын өнүктүрүүгө багытталган. Бул кадимки туристтик багыттар жөнүндө гана эмес, медицина тармагында туризмди өнүктүрүү. Бул аймак бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча абдан популярдуу жана актуалдуу болуп саналат.

Ошондой эле компания өзүнүн алдына койгон негизги максатарынын  бири Ташкент шаарында КМШ өлкөлөрүндө ишкердик иш жүргүзгөн кытай компанияларынын Борбордук штаб-квартирасын түзүү. Банкингди жана компанияларды башкарууну бир борборлоштурулган жерге бириктирип, алар үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү.

Өз кезегинде, агенттиктин башчысы Кытай тараптын бул долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар болуу ниетин кубаттады. Директор Кыргыз Республикасынын жетекчилиги тарабынан инвесторлордун жана ишкерлердин мыйзамдуу укуктарын коргоо маселелери боюнча өзгөчө көзөмөл, ошондой эле инвестициялык жеңилдиктер жөнүндө маалымдады. Ошондой эле кытай компаниясынын өкүлдөрү инвестициялык виза алуу жол-жоболору менен таанышышты.

Мындан тышкары, Кыргызстанда инвестициялык долбоорлордун маалымат базасы жана инвесторлор үчүн керектүү маалыматтар жеткиликтүү экендиги, инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин сайтында жайгаштырылгандыгы белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууга жана мындан аркы өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин билдиришти.