Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору менен АЗПРОМОнун жетекчисинин ортосунда эки тараптуу жолугушуу болуп өттү.

Азербайжандын ири ишкер өкүлдөрү менен жолугушуунун жыйынтыгы боюнча КыргызРеспубликасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору Р.А. Сабиров менен Азербайжан Республикасынын Экспортту жана инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттигинин (АЗПРОМО) жетекчиси Юсиф Икрамович Абдуллаевдин  эки тараптуу жолугушуусу болду. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн алдыңкы компанияларынын ортосунда тажрыйба алмашуу жана байланыштары аркылуу кызматташууну бекемдөөгө жогорку жана экитарапту кызыкчылыгы бар экендигин, ошондой эле кол коюлган меморандумдун максаттарын жакынкы аралыкта ишке ашыруу зарылдыгын белгилешти.

Муну менен катар Азербайжан Республикасынын Экспортту жана инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттигинин жетекчиси Юсиф Абдуллаев Р.А. Сабировду  Азербайжанга тажрыйба алмашуу максатында компанияларга жана ишканаларга баруу үчүн жеке иш сапары менен келүүгө чакырды, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын январь айында Бишкек шаарында жылуу кабылалгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Равшан Сабиров боордош эки мамлекеттин байгерлигине багытталган көптараптуу кызматташууга даяр экенин белгиледи.