Негизги тармактар: айыл чарбачылыгы
Талас облусу – республикадагы эң чакан облус, Кыргызстандын түндүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан. Талас өрөөнүн, Кыргыз Ала-Тоосунун эңкейиштерин ээлейт. Түндүктөн жана батыштан – Казакстан Республикасы (Жамбыл облусу), түштүктөн – Жалал-Абад облусу, чыгыштан – Чүй облусу менен чектешет. Облустун административдик борбору – Талас шаары.
Облустун курамына 4 район, 1 шаар тибиндеги поселок, 36 айыл округдары, 90 айыл кирет.
2018 | 2019 | |
---|---|---|
Пайдалуу кендерди казуу | 3.4 | 7.7 |
Иштетүү өндүрүшү | 709.0 | 973.1 |
Электр энергия, газ жана сууну иштеп чыгаруу жана бөлүштүрүү, калдыктарды жыйноо | 635.8 | 572.4 |
2017 | 2018 | 2019 | |
---|---|---|---|
Жергиликтүү бюджет | 3001.3 | 14338.3 | 7.0 |
Ишканалардын жана | |||
уюмдардын каражаттары | 84097.3 | 137934.5 | 53.5 |
Калктын каражаттары | 697050.7 | 912253.3 | 842.1 |
Республикалык бюджет | 425203.3 | 430162.1 | 289.6 |
Чет өлкөлүк насыя | 912557.9 | 847222.2 | 5625.3 |
Чет өлкөлүк гранттар жана гуманитардык жардам | 144381.4 | 80637.1 | 137.6 |
Негизги автомагистраль (A361) чыгыштан Өтмөк ашуусу (кышында аба ырайынын себебинде жабылып калышы мүмкүн) аркылуу Казакстандын Тараз өрөөнүнө түшөт. Кызыл-Адырдагы өрөөндүн башталышынан бир жол түндүккө Таразга карай, ал эми башка жол түштүккө – Кара-Буура ашуусу аркылуу Жалал-Абад облусуна кетет.