KADI Баткенде өндүрүштүк аймак ачуу боюнча жумуштарды алып барууда

Бүгүн, 16-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Баткен облусунун чек арага жакын айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө” жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Баткен облусун 2021-2035-жылдары өнүктүрүү программасын» аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Инвестициялар жана өнүгүү боюнча агенттигинин уюштуруусу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы толук ыйгарым укуктуу өкүлү А.К. Алимбаевдин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусунун чек ара айылдарын өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү К.З. Кошбаковдун, Кыргыз Республикасынын Президенттик Администрациянын өкүлү Т.М. Мадяровдун жана OSTİM ENERJİK кластеринин башкармалыгынын төрагасы Яшар Челиктин, OSTİM Техникалык университетинин Технологиялык трансфер офисинин директору, ректордун кеңешчиси Гөкхан Топалдын ошондой эле жергиликтүү ишкерлердин катышуусунда Баткен облусунун аймагында өндүрүштүк аймак ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулоо максатында жолугушуу болуп өттү.


Жолугушууда OSTİM Техникалык университетинин технологиялык трансфер офисинин башчысы Гөкхан Топал OSTİM Өндүрүштүк аймагы боюнча маалымат берип, OSTİM OSBнын моделинде Баткен облусунун аймагында ачыла турган өндүрүштүк аймак боюнча презентация жасады.


Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым толук ыйгарым укуктуу өкүлү А.К. Алимбаев Баткен облусуна инвестицияларды тартуу маанилүү экенин, инвесторлорду колдоого, керектүү шарттарды түзүүгө даяр экендигин белгиледи.


OSTİM Enerjik кластеринин башкармалыгынын төрагасы Яшар Челик OSTİM Өндүрүштүк аймагынын 60 жылдан ашуун тарыхы бар экенин, өндүрүштүк аймак ачуу боюнча жетиштүү тажырыйбага ээ экендиктерин, бул багытта Кыргыз Республикасына колдон келген көмөктү берүүгө даяр экендигин билдирди.


Кыргыз Республикасынын Президенттик Администрациясынын өкүлү Т.М. Мадяров OSTİM OSBнын моделинде Баткен облусунун аймагында өндүрүштүк аймак ачуу боюнча долбоор Баткен облусун өнүктүрүү боюнча программага киргенин, бул идеяны ишке ашырууга мамлекет кызыкдар экенин айтты.
Жолугушуунун жыйынтыгында Баткен облусунун аймагында өндүрүштүк аймак ачуу боюнча техникалык-эксперттик деңгээлде биргелешкен топ түзүп, биргеликте жумуш алып баруу макулдашылды.