KADIнин кызматкерлери OSTİMдин чакыруусу менен Анкара шаарында иш сапарында болушту

Түркия Республикасынын ОСТИМ өндүрүштүк аймагы менен кызматташуу максатында 29-ноябрь жана 2-декабрь аралыгында Кыргыз Республикасынын Инвестициялар жана өнүгүү боюнча агенттигинин кызматкерлери иш сапары менен Түркия Республикасынын Анкара шаарындагы ОСТИМ өндүрүштүк аймагында болушту.

Сапардын алкагында Остим техникалык университети, Остим технопаркы, Остим өндүрүштүк аймагы жана анын кластерлеринин жетекчилери менен жолугушуулар өткөрүлдү. ОСТИМ өндүрүштүк аймагынын кластерлери Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар экендигин жана алдыдагы убакта ар бир кластер өзүнчө иш-сапары менен келүүгө ошондой эле инвестициялык долбоорлорду карап чыгууга, эки тараптуу кызматташууну жолго коюуга жана жергиликтүү ишкерлер менен иштешүү боюнча каалоолору бар экенин айтышты.

Ошондой эле жолугушуулардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Баткен облусун өнүктүрүү боюнча программасын аткаруу максатында Баткен облусунун аймагына Түркиянын ОСТИМ өндүрүштүк аймагынын моделинде өндүрүштүк аймак ачуу боюнча маселе талкууга алынды.

Остим техникалык университети жана ОСТИМ өндүрүштүк аймагынын жетекчилери Баткенге өндүрүштүк аймак ачуу мүмкүнчүлүгүн жеринен карап чыгуу максатында атайын техникалык-экспертизалык топ жиберүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Өз кезегинде Түркия Республикасынын Өнөр жай жана технология министрлигинин жетекчилиги да Кыргыз Республикасында өндүрүштүк аймактарды ачууда ар тараптуу көмөктөшүүгө даяр экендигин баса белгиледи.Жолугушуунун соңунда OSTİM ENERJİK кластеринин Кыргыз Республикасына сапарын уюштуруу жана энергетика секторундагы инвестициялык долбоорлорду карап чыгуу макулдашылды.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына ылайык 14-16-декабрь күндөрү OSTİM ENERJİK кластеринин 16 ири компаниясы Кыргыз Республикасына иш сапары менен келет. Агенттик ата-мекендик ишкерлерди 16-декабрда “Дамас” эл аралык отелинде өтүүчү OSTİM ENERJİK менен бизнес жана b2b жолугушууларга чакырат. Андан тышкары OSTİMдин бизнес жана курулуш машиналары кластери, кайра жаралуучу энергия жана экологиялык технологиялар кластери, коргонуу жана аэрокосмостук кластери, каучук технологиялары кластери, Анадолу темир жол транспорт системалары кластери, медициналык өнөр жай кластери жана коммуникация технологиялары кластери менен кызматташууну каалаган компаниялар болсо эки тараптуу кызматташууну жолго коюу үчүн көмөк көрсөтөт.