Мамлекеттик тил күнү

Кыргыз Республикасынын  Инвестициялар министрлигинде Кыргыз Республикасынын  23- сентябрь Мамлекеттик тил  күнүнө арналган “Кыргыз тилим – көөнөрбөс, өчпөс дилим” аттуу иш-чара  өткөрүлдү. Иш-чарага министрликтин борбордук аппаратынын жалпы жамааты катышты. Расмий ачылышы  Кыргыз тили гимни менен башталып,   министрдин  орун басары У.Ж.Асанов өз сөзүн  Б.Сарнагоевдин калемине таандык:

Ким барктаса өз энесин, өз тилин,

Барктай билет дүйнө элинин көп тилин.

Ар улуттун энеси улуу, тили улуу,

Өйдө, ылдый деп айта албайбыз эч бирин. — аттуу ырын көркөм окуу менен кыргыз тили  улуттун баа жеткис байлыгы, руханий мурасы болгон — мамлекеттик тил майрамы “Кыргыз тили” күнү менен куттуктады. Кыргыз тилибизди көздүн карегиндей сактап, улам байытып, өнүктүрүп өстүрүп туруу ар бир кыргыз атуулунун ыйык милдети экендигин баса белгиледи.

Иш-чарага “Мен – жылдыз” республикалык  кароо-сынагынын 3-орунунун, “Кыргызстан таланты — 2015”республикалык кароо-сынагынын дипломонун ээси, манасчы, манас тануучуЖ.Кенжебеков  манас айтып, манас айтуу өнөрү жөнүндө суроолорго жооп берди. Ошондой эле Б.Бейшеналиева атындагы  Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин  фольклор кафедрасынын студенттери Ж.Казыбеков  жана Э.Азизбек уулу  кыргыз улуттук аспаптары: чопо чоор, чоор, сыбызгы, темир ооз комуз, жыгач ооз комузда ойноп, комуздун коштоосунда  кыргыз ырларын ырдап, өздөрүнүн калемине таандык кыргыз тилине арналган ырларын көркөм окуп беришти.

Жыйынтыгында министрликтин мамлекеттик тил боюнча адиси  И.Д.Аскалиева кызматкерлерге кыргыз тилинин күйөрманы болууга жана аны аздектеп сактоого, тилге туура мамиле жасоого үндөдү.