Мазмунга өтүү
Кыргызстан ишкердикти өнүктүрүү жана санариптик инфраструктура жаатында Корея Республикасы менен кызматташтыкты бекемдөөдө

МЕЖДУНАРОДНОЕ СОТРУДНИЧЕСТВО
2026-ж., 21-сентябрь 08:231 мүнөт окуу

Кыргызстан ишкердикти өнүктүрүү жана санариптик инфраструктура жаатында Корея Республикасы менен кызматташтыкты бекемдөөдө

Сеул шаарында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Sellergo Co., Ltd. компаниясынын Башкы директору Жунхван Хо жана HIGEN Hea

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Сеул шаарында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Sellergo Co., Ltd. компаниясынын Башкы директору Жунхван Хо жана HIGEN Healthcare компаниясынын Башкы директору Ли Ёнгдук менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө маалыматтык технологиялар, электрондук соода тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн багыттары, ошондой эле медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүгө инвестицияларды тартуу маселелери каралды.

«Кыргызстан санариптик экономиканы ырааттуу өнүктүрүп, заманбап технологияларды жана инвестицияларды тартууга кызыкдар. Кореялык компаниялар менен кызматташуу инновациялык чечимдерди киргизүү жана ар түрдүү тармактарда көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат»

Равшанбек Сабиров

Жолугушуунун жыйынтыгында кызматташуу боюнча эки Меморандумга кол коюлду: Sellergo Co., Ltd. компаниясы менен IT жана электрондук соода тармагында, ал эми HIGEN Healthcare компаниясы менен Кыргыз Республикасында медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүгө инвестицияларды тартуу боюнча Меморандум түзүлдү.

Кол коюлган документтер биргелешкен долбоорлорду мындан ары өнүктүрүүгө, санариптик чечимдерди киргизүүгө жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу багыттарына инвестицияларды тартууга негиз болот.

Бөлүшүү: