Мазмунга өтүү
Түз эфир
Кыргызстанда 100 млн АКШ долларына чейинки инвестициянын көлөмү менен «Сары-Таш» эл аралык логистикалык борборун түзүү пландалууда
Кыргызстанда 100 млн АКШ долларына чейинки инвестициянын көлөмү менен «Сары-Таш» эл аралык логистикалык борборун түзүү пландалууда
МЕЖДУНАРОДНОЕ СОТРУДНИЧЕСТВО
2026-ж., 10-сентябрь 06:402 мүнөт окуу

Кыргызстанда 100 млн АКШ долларына чейинки инвестициянын көлөмү менен «Сары-Таш» эл аралык логистикалык борборун түзүү пландалууда

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Бүгүн, 10-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жана «Текстиль Транс» ЖЧКсы «Сары-Таш» эл аралык транспорттук-логистикалык борборун түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Долбоорго 100 млн АКШ долларына чейин инвестиция тартуу пландалууда. Борбор Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан - Ооганстан багытындагы эл аралык транспорттук каттамдын алкагында, келечекте Пакистанга чыгуу мүмкүнчүлүгү менен түзүлөт.

Долбоор жүктөрдү сактоо, топтоо жана кайра жүктөө, таразага тартуу, бажылык-брокердик коштоо, ошондой эле санариптик көзөмөл жүргүзүү үчүн заманбап инфраструктураны түзүүнү камтыйт.

Кыргызстан үчүн бул жөн гана жаңы логистикалык объектти түзүү эмес. Биз өлкөнүн Кытай, Борбордук жана Түштүк Азиянын ортосундагы маанилүү транспорттук жана соода түйүнү катары ролун күчөтүүгө чоң мүмкүнчүлүк көрүп жатабыз. “Сары-Таш” долбоору транзиттин, сооданын жана өндүрүштүн өнүгүшүнө, ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзүшү керек.

Улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров

Меморандум транспорттук-бажылык логистика жана текстиль кластерин өнүктүрүү багытындагы долбоорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча тараптардын узак мөөнөттүү кызматташуусун карайт.

Долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын транзиттик потенциалын жогорулатууга жана бизнес менен эл аралык соода үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.

Бөлүшүү: