Мазмунга өтүү
Түз эфир
Ош облусунда аймактын инвестициялык потенциалын өнүктүрүү маселелери боюнча жумушчу жолугушуулар өттү

АГЕНТСТВО
2026-ж., 21-август 14:432 мүнөт окуу

Ош облусунда аймактын инвестициялык потенциалын өнүктүрүү маселелери боюнча жумушчу жолугушуулар өттү

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабировдун тапшырмасы боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тапшырмаларын аткаруунун алкагында Ош облусунда аймактын инвестициялык потенциалын өнүктүрүү маселелерине арналган бир катар жумушчу жолугушуулар өткөрүлдү.

Жумушчу сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Дамирбек Бикулов Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мирлан Орозбаев жана Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Оморбек Торобаев менен жумушчу жолугушууларды өткөрдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар инвестициялык ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жогорулатуу, инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, мамлекеттик органдар менен бизнес-коомчулуктун өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү, ошондой эле жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн келечектүү багыттарды аныктоо маселелерин талкуулашты.

Инвестицияларды тартуу механизмдерине, ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлорду коштоого, ошондой эле Ош облусунун жана Ош шаарынын инвестициялык потенциалын мындан ары кеңири пайдаланууга өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуулардын жыйынтыгында инвестициялык долбоорлорду коштоо боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү жана координацияны күчөтүү, ошондой эле аймакка жаңы инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү багытында биргелешип иш алып баруу жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Жумушчу сапардын алкагында Улуттук агенттиктин өкүлдөрү Ош шаарындагы «Ош-Сити» долбооруна да барышты. Иш сапардын жүрүшүндө долбоордун учурдагы ишке ашырылуу абалы, инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрү жана мындан аркы өнүгүү перспективалары менен.

Бөлүшүү: