Региондордун инвестициялык дараметин жогорулатуу боюнча системалуу иштердин алкагында жана Улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабировдун тапшырмасына ылайык, Улуттук агенттиктин өкүлдөрү аймактарга жумушчу сапар менен барышты.
Сапардын негизги максаты — инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышын, 2026-жылы инвестициялардын өздөштүрүлүү жүрүшүн изилдөө, облус жетекчилиги жана инвесторлор менен актуалдуу маселелерди талкуулоо, ошондой эле инвестицияларды тартуу жана аларды ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча кошумча чараларды аныктоо болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө Улуттук агенттик өкүлдөрү Баткен облусунун жетекчилиги менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, күн электр станцияларын, турак жай комплексин куруу, Кызыл-Кыя шаарындагы МЖӨ (мамлекеттик-жеке өнөктөштүк) механизми боюнча муниципалдык базарды өнүктүрүү, газобетон блокторун, кыштарды, курулуш клейин, суюк жана гранул түрүндөгү материалдарды чыгаруу, ошондой эле сурьманы казып алуу жана кайра иштетүү боюнча ишканалардын долбоорлорунун жүрүшү менен таанышышты.
Улуттук агенттиктин жана КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аракеттери конкреттүү натыйжага — иштеп жаткан ишканаларга, жаңы өндүрүштөргө, жаңы түзүлгөн жумуш орундарына жана инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган. Ошол эле учурда жер-жерлерде сапаттуу даярдалган инвестициялык жана МЖӨ долбоорлору көбүрөөк пайда болушу үчүн жергиликтүү бийлик органдарынын дараметин жогорулатуу маанилүү.
— Улуттук агенттиктен
Улуттук агенттик Баткен облусунун жетекчилиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, инвесторлор жана финансылык институттар менен биргеликте иштеп жаткан долбоорлорду коштоо, келип чыккан маселелерди чечүү жана регионго жаңы инвестицияларды тартуу боюнча ишти улантат.









