Мазмунга өтүү
Түз эфир
Кыргызстанда Juventus Academy Kyrgyzstan долбоорун ишке ашыруу пландалууда

АГЕНТСТВО
2026-ж., 20-август 09:451 мүнөт окуу

Кыргызстанда Juventus Academy Kyrgyzstan долбоорун ишке ашыруу пландалууда

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

2026-жылдын 20-августунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Улуттук агенттиктин башчысынын орун басары М.Н. Койчумановдун жетекчилиги алдында Juventus Academy Kyrgyzstan инвестициялык долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча жыйын өттү.

Долбоор Бишкек шаарында балдар-өспүрүмдөр футбол борборун жана Ысык-Көл облусунда эл аралык окуу-машыгуу комплексин түзүүнү карайт. Бишкек шаарында аянты 3–5 га болгон жер тилкесине футбол аянтчаларын, жабык манежди жана 250–400 окуучуга ылайыкталган билим берүү мектебин камтыган спорттук-билим берүү комплексин жайгаштыруу пландалууда.

Жыйында жер тилкесин тандоо, долбоорду ишке ашыруу механизмин аныктоо жана мамлекеттик органдар менен мындан аркы өз ара аракеттенүү маселелери каралды.

Долбоорду ишке ашыруу балдар-өспүрүмдөр футболун өнүктүрүүгө, жаш спортчуларды даярдоого жана ата мекендик машыктыруучулардын квалификациясын жогорулатууга багытталган.

Бөлүшүү: