Алдыда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине даярдыктын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Инвестициялар боюнча улуттук агенттик тарабынан курулуп жаткан «Ырыс Ордо» Конгресс-холлуна жана конок үйлөрүнө жакын жайгашкан «Бишкек» ЭЭАнын аймагына барып, мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө аймактын, имараттардын фасаддарынын, тосмолордун жана объекттердин сырткы көрүнүшүнүн башка элементтеринин абалы текшерилди.
Мониторингдин жыйынтыгы боюнча Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Д.Ж. Бикулов тарабынан жооптуу адамдарга аныкталган кемчиликтерди жоюу, аймакты жана объекттерди талаптагыдай абалга келтирүү, ошондой эле тартипти жана көрктөндүрүүнү камсыз кылуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити башталганга чейин тиешелүү иш-чараларды белгиленген мөөнөттө жана толук көлөмдө аяктоо, алардын сапаттуу аткарылышына өзгөчө көңүл буруу тапшырылды.
Ошондой эле жооптуу адамдарга иштердин жүрүшүнө туруктуу көзөмөл жүргүзүү жана алдыда өтө турган иш-чарага карата «Бишкек» ЭЭАнын аймагын же ага чектеш объекттерди талаптагыдай, көрктүү жана эстетикалык абалга келтирүүнү камсыз кылуу милдеттендирилди.



