Ош облусунун Ноокат районунун Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтү кызыкдар адамдарды “Боз Үй” этно-рекреациялык комплексин уюштуруу” МЖӨ долбоору боюнча конкурска катышууга чакырат.
Долбоордун демилгечиси “Ата Строй Групп” ЖЧКсы.
Долбоор Ош облусунун Ноокат районунун Төөлөс айыл аймагынын Абшыр айылынын аймагында жыл бою иштеген заманбап “Боз үй” этно-рекреациялык комплексин курууну карайт.
Долбоорду ишке ашыруу курууну өнүктүрүүнүн заманбап талаптарын, архитектуралык көркөмдүүлүктү, функционалдуулукту жана ыңгайлуулукту эске алуу менен учурдагы пионер лагеринин ордуна жаңы комплексти курууну болжолдойт.
Сунушталган комплекс ишкердик, коомдук, маданий жана коммерциялык инфраструктураны бирдиктүү мейкиндикте бириктирген заманбап архитектуралык объект болот. Долбоор ишкердик активдүүлүктү өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартууга, ошондой эле аймактын маданий жана туристтик өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзгөн жогорку сапаттагы рекреациялык чөйрөнү түзүүгө багытталган.
Бул МЖӨ долбоору боюнча квалификациялык суроо-талап менен МЖӨ борборунун расмий сайтында таанышууга болот: https://ppp.gov.kg/
Конкурска катышуу үчүн сунуштарды берүү мөөнөтү ушул чакыруу жарыяланган күндөн тартып 30 (отуз) календардык күндү түзөт.
Конкурска жана долбоорду ишке ашырууга байланыштуу суроолор боюнча кызыкдар жактар Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборуна 0552 537 479, ошондой эле Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтүнө 0778 506 470, 0559 009 494 телефондору аркылуу кайрыла алышат.

