Мазмунга өтүү
Түз эфир
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Сабиров Равшанбек Азатовичтин «Кыргызстан – Өзбекстан: өнөр жай кооперациясы, инвестициялар жана соода» аталышындагы Кыргыз-Өзбек бизнес-форумунун ачылышындагы сөзү
ГЛАВНАЯ
2026-ж., 28-июль 05:119 мүнөт окуу19

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Сабиров Равшанбек Азатовичтин «Кыргызстан – Өзбекстан: өнөр жай кооперациясы, инвестициялар жана соода» аталышындагы Кыргыз-Өзбек бизнес-форумунун ачылышындагы сөзү

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Бишкек шаары, 2026-жылдын 28-июлу

Урматтуу Эрлист Абакирович, Урматтуу Лазиз Шафкатович, Урматтуу Бакыт Толомушевич, Урматтуу форумдун катышуучулары жана коноктору!

Бүгүн, Бишкек шаарында «Кыргызстан – Өзбекстан: өнөр жай кооперациясы, инвестициялар жана соода» аталышындагы Кыргыз-Өзбек бизнес-форумунун катышуучуларын, өзбек досторубузду жана өнөктөштөрүбүздү тосуп алуу мен үчүн чоң сыймык.

Өзгөчө биздин өзбек кесиптештерибизге жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрүнө ушул маанилүү иш-чарага катышуу үчүн убакыт таап, Кыргыз Республикасына атайын келип жатканы үчүн терең ыраазычылык билдиргим келет.

Сиздерди кыргыз жергесинде кубануу менен тосуп алабыз! Бишкек шаарына кош келиңиздер!

Бүгүнкү форум өзгөчө мааниге ээ. Ал Өзбекстан Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алдында өтүп жатат жана ишкердик байланыштарды чыңдоо, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү жана жаңы биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн маанилүү аянтча болуп саналат.

Кыргыз эли ар дайым коңшулук мамилени, чынчылдыкты жана ачыктыкты жогору баалап келген. Дал ушул баалуулуктар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы бир туугандык мамилелердин пайдубалын түзөт.

Бүгүн кыргыз-өзбек кызматташтыгы эки мамлекеттин эгемендүүлүк тарыхындагы эң маанилүү жана динамикалуу өнүгүү этабында турат. Мындай жыйынтыктар Кыргыз Республикасынын Президенти урматтуу Садыр Нургожоевич Жапаров менен Өзбекстан Республикасынын Президенти урматтуу Шавкат Миромонович Мирзиёевдин саясий эркинин, өз ара ишениминин жана стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган ырааттуу саясатынын натыйжасы.

Биз бүгүн мамлекет башчыларынын ортосундагы өз ара ишеним элдерибиздин, ишкерлерибиздин, аймактарыбыздын жана экономиканын бардык тармактарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөнүн ишенимдүү пайдубалына айланганына күбө болуп жатабыз.

Урматтуу достор!

Жогорку деңгээлде жетишилген макулдашуулар бүгүнкү күндө конкреттүү экономикалык натыйжалар менен бекемделүүдө. Бүгүнкү форум дал ушул диалогдун практикалык уландысы болуп, жаңы идеяларды жана демилгелерди инвестицияларга, заманбап өндүрүштөргө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багыттайт.

Кыргызстан менен Өзбекстан экономикалык реформаларды ырааттуу жүргүзүп, инвестициялар үчүн жагымдуу чөйрөнү мындан ары да өркүндөтүүдө. Эң мыкты тажрыйбалар менен өз ара бөлүшүү өлкөлөрүбүзгө дагы көптөгөн биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзөрүнө ишенем.

Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, үстүбүздөгү жылдын июнь айында катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон бешинчи Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун жогорку деңгээлде уюштурулганын өзгөчө белгилеп, өзбек кесиптештерибизди бул масштабдуу иш-чараны ийгиликтүү өткөрүшү менен чын дилимден куттуктагым келет. Форум Өзбекстандын аймактагы алдыңкы инвестициялык борборлордун бири катары жогорку эл аралык аброюн дагы бир жолу тастыктады.

Кыргызстан экономиканы өнүктүрүүгө багытталган масштабдуу реформаларды ырааттуу ишке ашырууда. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөбүздүн экономикасы аймактагы эң жогорку өсүш темптеринин бирин көрсөтүп, 11 пайыздан ашты. Ички дүң өнүмдүн көлөмү өлкөнүн тарыхында алгачкы жолу 1,9 триллион сомго жетти.

Түз чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 1,3 миллиард АКШ долларынан ашып, өткөн жылга салыштырмалуу 27 пайыздан көбөйдү. Ал эми 2026-жылдын июль айына карата негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 64,3 пайызга өстү.

Акыркы үч жыл ичинде жалпы суммасы 12,4 миллиард АКШ долларын түзгөн 77 инвестициялык макулдашууга жана жалпы наркы 4,3 миллиард АКШ долларын түзгөн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча 55 макулдашууга кол коюлду. Жаңы инвестициялык долбоорлордун портфелинин жалпы көлөмү 23 миллиард АКШ долларынан ашат. Бул көрсөткүчтөр инвесторлордун Кыргызстанга болгон ишениминин өсүп жатканын айгинелеп, өлкөбүздүн Борбордук Азиядагы ишенимдүү жана инвестициялар үчүн жагымдуу өнөктөш катары позициясын бекемдөөдө.

Кыргызстан эл аралык коомчулуктун ишенимин бекемдеп келет. Өлкөбүздүн 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун

Бөлүшүү: