Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов Азербайжандын GEO TOTAL компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууга тиешелүү министрликтердин жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү да катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө компания тарабынан транспорттук жана шаардык инфраструктура объектилерин долбоорлоодо, курууда жана мониторинг жүргүзүүдө колдонулуучу геодезия, геомаалыматтык системалар (ГИС), санариптик картография, лазердик сканерлөө (LiDAR), учкучсуз технологиялар жана жасалма интеллект жаатындагы заманбап инженердик жана санариптик чечимдер сунушталды.
Катышуучуларга инженердик изилдөөлөрдү жүргүзүүдө, аймактардын санариптик моделдерин түзүүдө, жер ресурстарын башкарууда, санариптик кадастрды жүргүзүүдө жана инфраструктуралык объектилерге мониторинг жүргүзүүдө санариптик технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууга жана Кыргыз Республикасынын инфраструктуралык долбоорлоруна заманбап санариптик чечимдерди киргизүү боюнча биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.





