Бүгүн, 10-июлда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жана «Alvarez & Marsal Kazakhstan» (Казакстан Республикасы) Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жаатындагы узак мөөнөттүү кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Меморандумдун максаты Улуттук агенттик менен «Alvarez & Marsal Kazakhstan» компаниясынын ортосунда өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана Кыргыз Республикасынын тоо-кен тармагына, ошондой эле стратегиялык мааниге ээ минералдык ресурстарды өздөштүрүү, казып алуу жана кайра иштетүү боюнча долбоорлорго АКШдан, Европа Биримдигине мүчө мамлекеттерден, Япониядан жана башка өлкөлөрдөн узак мөөнөттүү инвестицияларды тартуу максатында натыйжалуу, өз ара пайдалуу жана узак мөөнөттүү кызматташууну өнүктүрүүгө багытталат.
Меморандумга кол коюу эл аралык инвестициялык кызматташууну кеңейтүүдө жана чет өлкөлүк өнөктөштөр тарабынан тоо-кен тармагындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда маанилүү кадам болуп саналат.



