Skip to main content
Түз эфир
Равшанбек Сабиров: Борбордук Азия бирдиктүү инвестициялык мейкиндик катары өнүгүү мүмкүнчүлүгүнө ээ
Равшанбек Сабиров: Борбордук Азия бирдиктүү инвестициялык мейкиндик катары өнүгүү мүмкүнчүлүгүнө ээ
Равшанбек Сабиров: Борбордук Азия бирдиктүү инвестициялык мейкиндик катары өнүгүү мүмкүнчүлүгүнө ээ
Равшанбек Сабиров: Борбордук Азия бирдиктүү инвестициялык мейкиндик катары өнүгүү мүмкүнчүлүгүнө ээ
ГЛАВНАЯ
2026-ж., 18-июнь 09:592 мүнөт окуу3

Равшанбек Сабиров: Борбордук Азия бирдиктүү инвестициялык мейкиндик катары өнүгүү мүмкүнчүлүгүнө ээ

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Бүгүн Борбордук Азия үчүн атаандаштыктан биргелешкен илгерилетүүгө жана аймактын жалпы инвестициялык брендин түзүүгө өтүү үчүн тарыхый мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бири-бирибиз менен өзүнчө атаандашуу аркылуу миллиондогон инвестицияларды тарта алабыз. Ал эми Борбордук Азияны бирдиктүү аймак катары биргелешип таанытуу менен миллиарддаган инвестицияларды тартууга мүмкүнчүлүк ачылат.

Равшанбек Сабиров, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы

Тегерек столдун өткөрүлүшү

V Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун алкагында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктеринин жетекчилеринин «Инвестицияларды биргелешип илгерилетүү үчүн аймактык платформаны түзүү» аталышындагы тегерек стол өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Равшанбек Сабиров эл аралык инвесторлор Борбордук Азияны барган сайын бирдиктүү экономикалык мейкиндик катары карап жатканын белгиледи. Аймак ири рынокко, олуттуу ресурстук потенциалга жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин айтты.

Ал инвестициялык багыттагы аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, Борбордук Азиянын инвестицияларды илгерилетүү агенттиктеринин тармагын (CA-IPAN), аймактын Бирдиктүү инвестициялык порталын түзүү жана Борбордук Азияны «Invest Central Asia» бирдиктүү бренди менен таанытуу зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын инвестициялык долбоорлорду «бирдиктүү терезе» принциби боюнча коштоо тажрыйбасы жана инвесторлор үчүн санариптик кызматтарды өнүктүрүү багытындагы иштер тууралуу маалыматтар берилди.

Иш-чаранын соңунда Равшанбек Сабиров катышуучуларды Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылуусунун алкагында өтө турган Инвестициялык форумга катышууга чакырды. Форум 2026-жылдын 24–25-июнунда Бишкек шаарында өтөт.

Тегерек столдун катышуучулары Борбордук Азия өлкөлөрүнүн инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктеринин ортосундагы кызматташууну чыңдоо, аймактын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн биргелешип таанытуу жана жаңы инвесторлорду тартуу боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.

Бөлүшүү: