Skip to main content
Түз эфир
Равшанбек Сабиров Ташкент шаарындагы TEXNOPARK өнөр жай кластеринин өнүгүү тажрыйбасы менен таанышты

ГЛАВНАЯ
2026-ж., 18-июнь 04:021 мүнөт окуу5

Равшанбек Сабиров Ташкент шаарындагы TEXNOPARK өнөр жай кластеринин өнүгүү тажрыйбасы менен таанышты

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Өзбекстан Республикасына болгон жумушчу сапарынын алкагында Ташкент шаарындагы TEXNOPARK өнөр жай кластерине барды.

Иш сапардын жүрүшүндө делегация Өзбекстандын ири өнөр жай комплекстеринин бири болгон, 20га жакын заманбап өндүрүш багыттарын бириктирген технопарктын ишмердүүлүгү менен таанышты. Улуттук агенттиктин өкүлдөрүнө ишкананын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде тиричилик техникасын, өнөр жай жабдууларын, курулуш материалдарын, күн панелдерин жана башка продукцияларды чыгаруу багыттары көрсөтүлдү.

Сапардын жүрүшүндө өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү, өндүрүштүк чынжырчаларды түзүү, продукция чыгарууну локалдаштыруу, заманбап технологияларды киргизүү жана өнөр жай тармагына инвестицияларды тартуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

TEXNOPARKтын тажрыйбасы Кыргыз Республикасында индустриалдык аянтчаларды жана өндүрүштүк кластерлерди өнүктүрүүдө, ошондой эле өнөр жай потенциалын кеңейтүүдө колдонууга боло турган практикалык мисал катары белгиленди.

Өнөр жай кластерине баруу кыргыз делегациясынын жумушчу сапарынын программасынын алкагында өтүп, алдыңкы тажрыйбаны үйрөнүүгө, ишкердик байланыштарды өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты чыңдоого багытталды.

Бөлүшүү: