Өзбекстан Республикасына V Ташкент эл аралык инвестициялык форумуна болгон жумушчу сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жетектеген Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында CAEx эл аралык көргөзмө борборуна барды.
Иш сапардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын делегациясы көргөзмө комплексинин заманбап инфраструктурасы, техникалык мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле ири эл аралык иш-чараларды, форумдарды жана көргөзмөлөрдү өткөрүүгө түзүлгөн шарттар менен таанышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө бизнес жолугушууларды өткөрүү үчүн аянтчаларды уюштуруу, инвестициялык долбоорлорду тааныштыруу мүмкүнчүлүктөрү жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү багыттары талкууланды.
Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү көргөзмө борборунун заманбап жабдылышын жана кеңири мүмкүнчүлүктөрүн белгилеп, бул объект аймактагы эл аралык иш-чараларды өткөрүү үчүн маанилүү аянтчалардын бири экенин белгилешти.
CAEx эл аралык көргөзмө борборуна баруу кыргыз делегациясынын V Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун алкагындагы иш программасынын бир бөлүгү болду.
Бул иш-чара кыргыз-өзбек инвестициялык кызматташтыгын чыңдоого, ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө жана Кыргыз Республикасынын экономикасына жаңы инвестицияларды тартууга багытталган.





