Бүгүн, 16-июнда, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын алдында иш алыпбарган Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча Консультативдик кеңештин жыйыны Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары З. К. Акназаровдун төрагалыгы алдында өттү.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын биринчи орун басары М. Алиев, Жогорку Кеңештин депутаттары Э. Сурабалдиева жана Г. Баатырова, мамлекеттик органдардын жетекчилери, бизнес-ассоциациялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов инвестициялык чөйрөнү өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматтар менен бөлүштү. Атап айтканда, инвестициялык процесстерди санариптештирүү, инвесторлорду коштоо механизмдерин өркүндөтүү, ошондой эле инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган иш-чаралар каралды.
Катышуучулар ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо, административдик тоскоолдуктарды азайтуу, мамлекеттик органдардын бизнес-коомчулук менен өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу жана ишкердик жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелерин талкуулашты.
Талкуулардын жүрүшүндө инвесторлорду колдоого системалуу мамиле кылуунун, долбоорлорду мамлекеттик коштоо механизмдеринин натыйжалуулугун жогорулатуунун жана мамлекет менен бизнестин ортосундагы ишенимди бекемдөөнүн маанилүүлүгү белгиленди.
Жыйынтыгында катышуучулар инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын туруктуу экономикалык өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү багытында мындан ары да биргелешип иш алып барууга даяр экендиктерин билдиришти.





