Skip to main content
Түз эфир
Жалал-Абад облусунда инвестициялык мүмкүнчүлүктөр

ГЛАВНАЯ
2026-ж., 11-июнь 06:552 мүнөт окуу7

Жалал-Абад облусунда инвестициялык мүмкүнчүлүктөр

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Бүгүн, 11-июнда, Манас шаарында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик тарабынан аймактагы инвестициялык ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө жана бизнес менен мамлекеттик органдардын өз ара кызматташтыгын чыңдоого багытталган «Инвестициялык вектор: аймактардын мүмкүнчүлүктөрү жана туруктуу өнүгүүсү» аталышындагы семинар өткөрүлдү.

Семинардын негизги максаты — аймактагы инвестициялык ишмердүүлүктү өнүктүрүү, Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен жергиликтүү ишкерлердин ортосундагы кызматташууну кеңейтүү, инвестициялык инфраструктураны жакшыртуу жана инвестицияларды тартууга тоскоол болгон маселелерди талкуулоо болуп саналат.

Ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралып, Жалал-Абад облусунун инвестициялык потенциалы бизнес-коомчулукка жана потенциалдуу инвесторлорго тааныштырылат.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасындагы инвестициялык климат, инвестициялык долбоорлорду коштоонун «бирдиктүү терезе» механизми, АИС «Инвестиции» маалыматтык системасы, инвесторлор үчүн мамлекеттик колдоо чаралары жана кепилдиктер тууралуу маалымат берилет.

Мындан тышкары, инвесторлордун кайрылууларын кароо тартиби жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү боюнча презентациялар өткөрүлөт.

Семинар суроо-жооп форматы менен жыйынтыкталып, катышуучулар инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча өз сунуштарын жана демилгелерин билдирүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик аймактардын инвестициялык потенциалын кеңейтүүгө, бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана мамлекеттик органдар менен ишкерлердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө багытталган мындай жолугушууларды өлкөнүн башка облустарында да улантат.

Бөлүшүү: