Skip to main content
Түз эфир
«Нарын» ЭЭАсы менен «Брест» ЭЭАсы кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюшту
«Нарын» ЭЭАсы менен «Брест» ЭЭАсы кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюшту
ГЛАВНАЯ
2026-ж., 1-июнь 05:171 мүнөт окуу17

«Нарын» ЭЭАсы менен «Брест» ЭЭАсы кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюшту

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин аймак жетекчилеринин V форумунун алкагында уюмга катышкан өлкөлөрдүн аймактары, шаарлары жана эркин экономикалык аймактарынын ортосунда бир катар кызматташтык документтерине кол коюлду.

Форумдун маанилүү жыйынтыктарынын бири катары Кыргыз Республикасынын «Нарын» эркин экономикалык аймагынын Башкы дирекциясы менен Беларусь Республикасынын «Брест» эркин экономикалык аймагынын администрациясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Кол коюлган документ инвестицияларды тартуу, биргелешкен ишканаларды түзүү, өндүрүштүк кооперацияны өнүктүрүү, ошондой эле эркин экономикалык аймактарды башкаруу боюнча тажрыйба алмашуу багыттарында кызматташууну кеңейтүүгө багытталган.

Тараптар аталган макулдашуу инвестициялык жана соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого, жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана өз ара пайдалуу узак мөөнөттүү өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.

Бөлүшүү: