Skip to main content
Түз эфир
Инвестициялык кызматташтыктын келечектүү  багыттары талкууланды
Инвестициялык кызматташтыктын келечектүү  багыттары талкууланды
Инвестициялык кызматташтыктын келечектүү  багыттары талкууланды
Инвестициялык кызматташтыктын келечектүү  багыттары талкууланды
ГЛАВНАЯ
2026-ж., 28-май 06:111 мүнөт окуу8

Инвестициялык кызматташтыктын келечектүү багыттары талкууланды

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Бүгүн, 28-майда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров кытайлык Ivan Xu инвестициялык-технологиялык компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар инвестициялык кызматташтыктын келечектүү багыттарын жана Кыргыз Республикасынын аймагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Жолугушууда Кыргызстандын инвестициялык потенциалы, ошондой эле чет элдик инвестицияларды тартуунун артыкчылыктуу багыттары, анын ичинде санариптик инфраструктура, энергетика, өнөр жай, логистика жана экологиялык туруктуу долбоорлор сунушталды.

«Кыргызстан инвестицияларды тартуу жана жогорку технологиялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө ырааттуу иш алып барууда. Биз заманбап санариптик чечимдерге инвестиция салууга жана өлкөбүздүн инвестициялык потенциалын өнүктүрүүгө катышууга даяр стратегиялык өнөктөштөр менен кызматташууга кызыкдарбыз»

Равшанбек Сабиров

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстандагы стратегиялык урбанистикалык долбоор катары каралып жаткан экологиялык жактан таза Асман шаарында заманбап дата-борборлорду куруу долбоорун ишке ашыруу перспективаларына токтолуп, Ivan Xu компаниясынын өкүлдөрү аталган демилгени мындан ары илгерилетүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Бөлүшүү: