Skip to main content
Түз эфир
Курман айтыңыздар маарек болсун!
ГЛАВНАЯ
2026-ж., 27-май 03:001 мүнөт окуу36

Курман айтыңыздар маарек болсун!

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздерди мусулмандардын эң ыйык майрамдарынын бири болгон Курман айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Курман айт боорукердиктин, кайрымдуулуктун, сабырдуулуктун жана ынтымактын улуу майрамы. Ал адамзатты кечиримдүүлүккө, тазалыкка жана ыймандуулукка үндөп келген асыл баалуулуктарды даңазалайт. Ошондуктан бул майрам элибиздин руханий жашоосунда өзгөчө мааниге ээ.

Кылымдарды карыткан Курман айт майрамы адамдардын жүрөгүнө жылуулук тартуулап, коомдо биримдикти, өз ара урмат-сыйды жана кайрымдуулукту бекемдеп келет. Бул куттуу күндөрдө ар бир үйгө тынчтык, бакыт-таалай жана береке каалайм.

Айт майрамында өлкөбүздө жашаган бардык улут өкүлдөрүнүн ынтымагын, элибиздин амандыгын, мамлекетибиздин туруктуу өнүгүшүн тилейм. Ар бир үй-бүлөгө ден соолук, молчулук, ырыскы жана бакубат жашоо болсун.

Курман айтыңыздар маарек болсун!

Бөлүшүү: