Skip to main content
Түз эфир
Кытайлык инвесторлор менен Кыргызстанда цемент заводун куруу маселеси талкууланды

ГЛАВНАЯ
2026-ж., 26-май 10:441 мүнөт окуу8

Кытайлык инвесторлор менен Кыргызстанда цемент заводун куруу маселеси талкууланды

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Бүгүн, 26-майда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдын “Синьтай Янлинь Цемент” ЖЧКсынын жана “Синьтай Тайсин Механикалык Жабдуулар” ЖЧКсынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында цемент заводун куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун келечегин талкуулашты. Компаниялардын өкүлдөрү цемент өндүрүшүнө багытталган заманбап өндүрүш комплексин ишке киргизүүгө жана өлкөнүн курулуш тармагын өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Жолугушуунун алкагында кызматташуунун мүмкүн болгон багыттары, өндүрүштүк кубаттуулуктарды жайгаштыруу маселелери, инвестициялык шарттар, ошондой эле өндүрүштү жергиликтештирүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү келечеги талкууланды.

Жыйынтыгында, тараптар инвестициялык кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдирип, Кыргыз Республикасында цемент заводун куруу долбоорун деталдуу иштеп чыгууну улантуу, анын ичинде долбоорду ишке ашыруу үчүн мүмкүн болгон аянтчаларды, инвестициялык параметрлерди жана өз ара аракеттенүү механизмдерин изилдөө боюнча макулдашты.

Бөлүшүү: