Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!
Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) төрагалыгынын алкагында 2026-жылдын 24–25-июнунда Бишкек шаарында өтө турган Инвестициялык форумга ЖМК өкүлдөрүн аккредитациялоо башталганын маалымдайбыз.
Форум Кыргыз Республикасынын ШКУдагы төрагалыгынын алкагындагы иш-чаралардын жана Кыргыз Республикасында өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын юбилейлик 25-Саммитине даярдыктын алкагында уюштурулууда.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалын талкуулоо, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана ШКУ мейкиндигиндеги өнөктөштүк байланыштарды чыңдоо боюнча негизги эл аралык аянтча болот.
Иш-чарага ШКУга мүчө мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, эл аралык каржы институттары, инвесторлор, бизнес чөйрөсү жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.
Аккредитациядан өтүү үчүн арыздарды кабыл алуу мөөнөтү — 2026-жылдын 10-июнуна чейин.
Аккредитациядан өтүү үчүн ЖМК өкүлдөрү төмөнкү маалыматтарды жөнөтүүсү зарыл:
- аты-жөнү;
- ЖМКнын аталышы;
- кызматы;
- байланыш телефону;
- электрондук почта дареги.
Форумдун программасы, кошумча маалыматтар жана уюштуруу маселелери аккредитациядан өткөн ЖМК өкүлдөрүнө жөнөтүлөт.
Байланыш үчүн:
Кадырназарова Назгүл Абдисаламовна — Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин басма сөз катчысы
Тел.: +996 555 06 06 01

