Бүгүн, 22-майда «Каракол шаарында эл аралык деңгээлдеги “Relax-Inn” инновациялык мейманкана комплексин куруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу боюнча үч тараптуу макулдашууга кол коюлду.
Макулдашуунун тараптары катары Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, «Ысык-Көл» бирдиктүү башкаруучу компаниясы» мамлекеттик ишканасы жана «Кедра» ЖЧКсы катышты.
Долбоор инновациялык, санариптик жана энергияны үнөмдөөчү технологияларды киргизүү менен эл аралык деңгээлдеги заманбап мейманкана комплексин курууну карайт. Ошондой эле МЖӨ механизминин DBFOMT модели аркылуу ишке ашырылып, инвестициянын жалпы көлөмү болжол менен 5 млн АКШ долларын түзүп, толугу менен жеке өнөктөштүн каражаттарынын эсебинен каржыланат.
«Заманбап туристтик инфраструктураны өнүктүрүү мамлекеттик инвестициялык саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Бул долбоордун ишке ашырылышы Ысык-Көл облусунун туристтик жагымдуулугун жогорулатууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана аймакка кошумча инвестицияларды тартууга өбөлгө түзөт»
— Равшанбек Сабиров, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы
Долбоордун алкагында 100–200 орундуу мейманкана комплексин, ден соолукту чыңдоочу, ишкердик жана коомдук жайларды камтыган кошумча инфраструктураны түзүү пландалууда.
Ошондой эле долбоор жаңы жумуш орундарын түзүүнү жана Каракол шаарындагы кризистик борборду куруп, алдыда мамлекетке акысыз өткөрүп берүүнү карайт.



