Skip to main content
Түз эфир
Кыргыз Республикасынын инвестициялык саясат маселелери боюнча Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушуу

ГЛАВНАЯ
2026-ж., 12-май 11:151 мүнөт окуу11

Кыргыз Республикасынын инвестициялык саясат маселелери боюнча Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушуу

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Кыргыз Республикасынын эл аралык каржы институттары менен кызматташтыгын чыңдоонун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчумановдун Швейцария Конфедерациясынын Экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик катчылыгынын (SECO) Жеке секторду өнүктүрүү департаментинин жетекчисинин орун басары Ирен Фрай жана Дүйнөлүк банктын тобу менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын инвестициялык саясатынын учурдагы багыттарын, ошондой эле инвестициялык климатты мындан ары жакшыртуу, өлкөнүн чет өлкөлүк жана ички инвесторлор үчүн жагымдуулугун жогорулатуу боюнча чараларды талкуулашты.

Жолугушуунун алкагында Кыргыз Республикасынын 2026–2030-жылдарга карата инвестициялык саясатты өнүктүрүү стратегиясы каралып, анын негизги ишке ашыруу багыттары, инвестициялык климатты өнүктүрүүнүн артыкчылыктары жана инвестицияларды тартуу механизмдери талкууланды.

Ошондой эле инвестициялык потенциалды илгерилетүүгө жана экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу маселелерин камтыган мындан аркы кызматташуунун маселелери каралды.

Тараптар Улуттук агенттиктин кызматкерлери үчүн тренингдерди жана окутуу курстарын өткөрүү, ошондой эле инвестициялар чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүүгө багытталган консультациялык жана техникалык жардам көрсөтүү маселелери боюнча макулдашууларды жүргүзүштү.

Бөлүшүү: