Skip to main content
Түз эфир
Кемин районунда канаттуулар комплекси кеңейтилип, тоют өндүрүүчү завод курулат
Кемин районунда канаттуулар комплекси кеңейтилип, тоют өндүрүүчү завод курулат
ГЛАВНАЯ
2026-ж., 12-май 05:411 мүнөт окуу4

Кемин районунда канаттуулар комплекси кеңейтилип, тоют өндүрүүчү завод курулат

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Бүгүн, 12-майда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров жана «Агро Куш» компаниясынын башкы директору Аскат Абдрахманов инвестициялык макулдашууга кол коюшту.

Макулдашуунун алкагында Чүй облусунун Кемин районунун аймагында жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды куруу аркылуу иштеп жаткан канаттуулар комплексин кеңейтүү долбоорун ишке ашыруу каралган.

Долбоор эки кошумча өстүрүү аянтчасында 24 канаттуулар багылуучу имаратты, ошондой эле саатына 30 тонна кубаттуулуктагы канаттуулар үчүн тоют өндүрүүчү заводду курууну камтыйт.

Долбоорду ишке ашырууга жалпы көлөмү 1,7 миллиард сомдон ашык инвестиция жумшалат.

Долбоорду ишке ашыруу агроөнөр жай секторун өнүктүрүүгө, өндүрүштүк кубаттуулуктарды көбөйтүүгө жана аймакта кошумча жумуш орундарын түзүүгө багытталган.

Бөлүшүү: