Бүгүн, 11-майда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдын China Construction Third Engineering Bureau компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында биргелешкен инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Равшанбек Сабиров Кыргыз Республикасы Кытай Эл Республикасы менен стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого өзгөчө маани берерин жана транспорттук инфраструктура, энергетика, логистика жана өнөр жай тармактарындагы ири долбоорлорду ишке ашырууга эл аралык компанияларды тартууга кызыкдар экенин белгиледи.
Өз кезегинде China Construction Third Engineering Bureau компаниясынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасындагы ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө жана артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду, анын ичинде транспорттук коридорлорду жана инфраструктуралык объекттерди өнүктүрүүгө катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кароого кызыкдар экенин билдиришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар диалогду жана кызматташуунун конкреттүү багыттарын биргелешип иштеп чыгууну улантууну макулдашышты.




