Skip to main content
Түз эфир
9-Май Жеңиш күнүбүз кут болсун
9-Май Жеңиш күнүбүз кут болсун
ГЛАВНАЯ
2026-ж., 9-май 03:272 мүнөт окуу2

9-Май Жеңиш күнүбүз кут болсун

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Урматтуу кыргызстандыктар! Сиздерди 9-Май — Улуу Жеңиш күнү менен чын дилден куттуктайм.

Равшанбек Сабиров

Бул улуу дата — адамзат тарыхындагы эң оор сыноолордун бири болгон согушта Мекен үчүн жанын аябай күрөшкөн муундун эрдигин, кайратмандыгын жана мекенчилдигин эскерген ыйык күн. 9-Май — эркиндиктин, тынчтыктын жана адилеттиктин салтанатын даңазалаган, тарыхта өзгөчө орду бар улуу майрам.

Бул күн көп улуттуу элибиздин биримдигин, ынтымагын жана тынчтыкты туу туткан асыл баалуулуктарын даңазалайт. Биз бүгүнкү бейпил жашообуз үчүн кан майданда курман болгон жоокерлердин, ошондой эле оорукта талыкпай эмгектенген жарандардын алдында терең таазим этебиз.

Ардагерлерибиздин эрдиги, мекенчилдиги жана кайратмандыгы — кийинки муундар үчүн өчпөс үлгү. Алар калтырган тарыхый мурас өлкөбүздүн өнүгүүсүнө, коомубуздун биримдигине жана Мекенге болгон сүйүүгө бекем негиз болуп берет.

Тарыхты урматтоо, тынчтыкты бекемдөө жана улуттук ынтымакты сактоо — ар бир жарандын ыйык милдети. Улуу Жеңиштин сабактарын унутпай, өлкөбүздүн туруктуулугун жана жаркын келечегин камсыз кылууга умтулуу — жалпыбыздын максаты болушу зарыл.

Жерибизде ар дайым тынчтык өкүм сүрүп, элибизде ынтымак, бакубатчылык жана береке орносун.

Улуу Жеңиш күнүңүздөр кут болсун!

Бөлүшүү: