Бүгүн, 21-апрелде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытай Эл Республикасынын Guipai Holding Group, Hunan Jingwei Real Estate Development Co., Ltd. компанияларынын жана «Инвесфонд Тенгри Инвест» ЖЧКсынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасында курулуш, кыймылсыз мүлктү өнүктүрүү жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу тармагындагы кызматташтык маселелерин талкуулашты. Ошондой эле турак жай курулушуна инвестиция тартуу, заманбап шаардык комплекстерди өнүктүрүү, инженердик жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча долбоорлор каралды.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө компаниялар иш жүзүндөгү этапка өтүп, иштелип жаткан долбоорлордун алкагында бир катар жер тилкелери боюнча алгачкы инвестициялык салымдарды ишке ашырышканы белгиленди. Компаниялар Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин белгилеп, инвестицияларды укуктук жактан коргоо, бизнес жүргүзүүнүн туруктуулугу жана алдын ала божомолдонгон шарттары, ошондой эле мамлекеттик кепилдиктери боюнча өзгөчө көңүл бурууну өтүнүштү.
“Кыргыз Республикасы инвестицияларды коргоонун мыйзамдык кепилдиктерин жана бардык инвесторлор үчүн бирдей шарттарды камсыз кылат. Биз ачык жана туруктуу инвестициялык чөйрөнү түзүү боюнча ырааттуу иш алып барып, долбоорлорду ишке ашыруунун бардык этаптарында коштоо жүргүзүп келебиз” — деди Равшанбек Сабиров.
Компания өкүлдөрү кыймылсыз мүлк жана өнөр жай өндүрүшү тармагында 25 жылдан ашык тажрыйбага ээ экенин, ошондой эле эл аралык долбоорлорду, анын ичинде “Бир алкак — бир жол” демилгеси алкагындагы долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышып жатканын белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, биргелешкен инвестициялык демилгелерди иштеп чыгууну улантуу боюнча макулдашышты.





