Skip to main content
Түз эфир
2026-жылдын январь–март айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын негизги капиталына инвестициялардын өсүшү байкалууда
ЭКОНОМИКА
2026-ж., 20-апрель 06:302 мүнөт окуу15

2026-жылдын январь–март айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын негизги капиталына инвестициялардын өсүшү байкалууда

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик инвестициялардын өсүшүн камсыз кылууга, эл аралык жана ички инвесторлордун ишенимин жогорулатууга, инвестициялык климатты жакшыртууга жана бул тармакта туруктуу укуктук-нормативдик базаны түзүүгө багытталган системалуу ишти улантууда.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан берилген маалыматтарга ылайык, 2026-жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасында негизги капиталга инвестициялардын туруктуу өсүшү байкалган.

Үстүбүздөгү жылдын январь–март айларында инвестициялардын жалпы көлөмү 77 319,0 млн сомду түзүп, өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 25,5 пайызга өскөн. Ички инвестициялар 1,2 эсеге көбөйсө, тышкы капиталдын агымы кыйла жогору темп менен өсүп, 1,5 эсени түзгөн.

Негизги каражаттар кен казуу тармагындагы объекттерди курууга, кайра иштетүү өнөр жайына, транспорт жана логистика тармагына, ошондой эле энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган.

Оң динамика инвесторлордун Кыргыз Республикасынын реалдуу секторуна жана инфраструктуралык долбоорлоруна болгон жогорку кызыгуусу сакталууда экенин көрсөтөт.

Инвестициялык долбоорлорду коштоо жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча Улуттук агенттиктин системалуу иши инвестициялык активдүүлүктү бекемдөөгө жана өлкөнүн мындан аркы экономикалык өсүшү үчүн туруктуу негиз түзүүгө олуттуу салым кошууда.

Бөлүшүү: