Skip to main content
Түз эфир
Агрардык тармакта кызматташтык жана айыл чарбага инвестиция тартуу
Агрардык тармакта кызматташтык жана айыл чарбага инвестиция тартуу
Агрардык тармакта кызматташтык жана айыл чарбага инвестиция тартуу
Агрардык тармакта кызматташтык жана айыл чарбага инвестиция тартуу
Агрардык тармакта кызматташтык жана айыл чарбага инвестиция тартуу
ГЛАВНАЯ
2026-ж., 17-апрель 10:262 мүнөт окуу14

Агрардык тармакта кызматташтык жана айыл чарбага инвестиция тартуу

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Бүгүн, 17-апрелде, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Пекин айыл чарба илимий-технологиялык «ЦзинГэн ТяньСя» компаниясынын (Кытай Эл Республикасы) өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда тараптар айыл чарба тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулашты. Анын ичинде заманбап агротехнологияларды киргизүү, биологиялык жана органикалык жер семирткичтерди өндүрүүнү өнүктүрүү, топурактын түшүмдүүлүгүн жана айыл чарба продукциясынын сапатын жогорулатуу маселелери каралды. Ошондой эле биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүнө, анын ичинде өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүү, продукциянын сапатын көзөмөлдөө үчүн лабораториялык базаны өнүктүрүү жана агротуризмди өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. «Кыргызстан агрардык секторду инвестицияларды тартуунун жана алдыңкы технологияларды киргизүүнүн негизги багыттарынын бири катары карайт. Биз ата мекендик продукцияны өнүктүрүүгө, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана айыл чарбаны туруктуу өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдарбыз», — деп белгиледи Равшанбек Сабиров. Компаниянын өкүлдөрү «ЦзинГэн ТяньСя» экологиялык жактан таза жер семирткичтерди, микробдук препараттарды өндүрүүгө жана топуракты калыбына келтирүү боюнча чечимдерди иштеп чыгууга адистешкен жогорку технологиялуу ишкана экенин белгилешти. Ошондой эле компаниянын өнүккөн илимий-изилдөө базасы бар экени жана Кытайдын алдыңкы илимий мекемелери менен кызматташары айтылды. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгууга кызыкдар экенин билдиришти.

Бөлүшүү: