Skip to main content
Түз эфир
Бишкекте заманбап коомдук санитардык объекттерди куруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору ишке ашырылат
ГЛАВНАЯ
2026-ж., 14-апрель 11:201 мүнөт окуу14

Бишкекте заманбап коомдук санитардык объекттерди куруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору ишке ашырылат

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

“Бишкек шаарындагы коомдук санитардык объекттерди өнүктүрүү” мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорунун алкагында өткөрүлгөн конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча “Экспорт Плюс” ЖЧКсы жана ЖИ Р.Бекбоева конкурстун жеңүүчүлөрү деп табылды.

Конкурс Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык чарба департаменти тарабынан адамдар көп чогулган жерлерде коомдук санитардык объекттерди уюштуруу, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу максатында жеке өнөктөштү тартуу үчүн жарыяланган.

Долбоордун алкагында, жеке өнөктөш тарабынан Бишкек шаарынын негизги аймактарында (борбордук көчөлөр, парктар, скверлер, ири базарлар, авто жана темир жол вокзалдары жана башка эл көп чогулган жерлерде) заманбап коомдук санитардык объекттердин тармагын куруу, жабдуу жана эксплуатациялоо каралган.

Жеке өнөктөш макулдашуунун колдонуу мөөнөтүнүн ичинде объекттерди каржылоону, долбоорлоону, курууну жана пайдаланууну ишке ашырат, ал эми мөөнөт аяктагандан кийин объекттерди Бишкек шаарынын мэриясынын менчигине өткөрүп берет.

Биринчи этапта, жеке өнөктөштөр тарабынан Бишкек шаары боюнча кеминде 5 коомдук санитардык объект уюштурулат, ал эми келечекте алардын саны суроо-талапка жана жайгаштыруу зарылчылыгына жараша көбөйтүлөт.

Бөлүшүү: