Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров: Урматтуу кыргызстандыктар! Сиздерди ыйык Орозо айт жана Нооруз майрамдарыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Орозо айт — жогорку руханий баалуулуктарды даңазалаган, сабырдуулуктун, боорукерликтин жана кайрымдуулуктун маанисин терең ачып берген ыйык майрам. Ал эми Нооруз — жаңылануунун, жаздын келишинин, үмүт менен жаңы башталыштардын символу катары ар бирибизге дем-күч тартуулайт. Бул кош майрам ар бир үй-бүлөгө тынчтык, ынтымак жана береке алып келсин. Коомубузда туруктуулук, өз ара түшүнүшүү жана жарандык биримдик бекем болсун! Сиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо, үй-бүлөлүк бакыт жана ийгиликтерди каалайбыз. Ар бир үйдө аманчылык, молчулук жана жакшылык өкүм сүрсүн! Орозо айтыңыздар жана Нооруз майрамыңыздар кут болсун!
Навигация
Порталдың барлық бөлімдері
$4.1 млрд
Инвестициялар
180+
Жобалар
Ұлттық агентство туралы
Бөлімді таңдаңыз
Тікелей
ЖАҢАЛЫҚ
2026 ж. 20 наурыз, 03:051 мин оқу3
Орозо айтыңыздар жана Нооруз майрамыңыздар кут болсун!
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров: Урматтуу кыргызстандыктар! Сиздерди ыйык Орозо айт жана Нооруз майрамдарыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Орозо айт — жогорку руханий баалуулуктарды даңазалаган…


