Жолугушуу Европа бирлиги каржылаган жана ЭАСБ тарабынан ишке ашырылып жаткан «Ready4Trade Борбор Азия: Транскаспий транспорттук коридору аркылуу өнүгүүгө көмөк көрсөтүү» аймактык долбоорунун алкагында өттү. Тараптар аймактык долбоорду ишке ашыруу, инвестициялык климатты жакшыртуу, артыкчылыктуу инвестиция багыттары, Улуттук агенттик менен ЭАСБнын учурдагы өз ара аракеттенүүсү жана биргелешкен демилгелердин өнүгүү перспективаларын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Өнүгүү максатында инвестицияларга көмөктөшүү боюнча келишимге (IFD) бурулду. Бул келишим Кыргызстанды эл аралык өнөктөштөр үчүн инвестициялык жагымдуулугун арттырууга жана инвестициялык климатты чыңдоого багытталган. Жыйынтыкта, тараптар кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экендигин ырастап, бул Кыргыз Республикасынын дүйнөлүк аренада ишенимдүү өнөктөш катары позициясын чыңдоого жана инвестициялык саясаттын туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөрүн белгилешти.
Навигация
Порталдың барлық бөлімдері
$4.1 млрд
Инвестициялар
180+
Жобалар
Ұлттық агентство туралы
Бөлімді таңдаңыз
Тікелей
ЖАҢАЛЫҚ
2025 ж. 22 қыркүйек, 04:511 мин оқу2
Бүгүн Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров Эл аралык соода борборунун (ЭАСБ) рынокторду өнүктүрүү департаментинин директору Мондэр Мимуни менен жолугушту.
Жолугушуу Европа бирлиги каржылаган жана ЭАСБ тарабынан ишке ашырылып жаткан «Ready4Trade Борбор Азия: Транскаспий транспорттук коридору аркылуу өнүгүүгө көмөк көрсөтүү» аймактык долбоорунун алкагында өттү. Тараптар аймактык долбоорду ишке ашыруу, инвестициялык климатты жакшыр…





