ИжКБА жөнүндө

Биздин миссия

Биздин миссия – Кыргыз Республикасынын экономикалык жактан өнүгүүсү үчүн стратегиялык мааниси бар чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуу жана кармоо. Биздин баалуулуктар: өтө берилгендик, чынчылдык, кесипкөйлүүлүк, кардарларды жакшы тейлөө жана боорукердик. Бизнести пландагандан баштап, аны ишке киргизгенге жана кеңейткенге чейин компанияларды колдоо үчүн биз акысыз консультацияларды беребиз жана кызматтарды көрсөтөбүз.

Биздин миссиянын негизги пункттары:

  • Кыргызстандагы инвестициялык абалды жакшыртуу, чет өлкөлүк инвесторлор менен көп убакыт жана жемиштүү кызматташуу аркылуу ишенимди бекемдөө;
  • Агенттик өлкөнүн инвестициялык тартылышын жогорулатуу үчүн активдүүлүктү өбөлгөлөө боюнча чараларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышат;
  • Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (МЖӨ) алкагында инвестициялык долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууда мамлекеттик жана бийликтин жергиликтүү органдарынын, жеке секторлордун кызматташуусун камсыздоо;
  • Эл аралык жана региондор аралык тышкы экономикалык байланыштарды өнүктүрүү

Мындан тышкары, Агенттик инфратүзүмдүк долбоорлорду жана инвестициялык программаларды иштеп чыгууга катышат, экономиканын артыкчылыктуу тармактарындагы инвестициялар үчүн жакшы шарттарды түзүү менен экономиканын диверсификацияланышына түрткү болот;