Улуттук агенттик тажрыйба алмашуу жана Кыргыз Республикасына инвестиция тартуу үчүн эл аралык конгресстерге жана форумдарга активдүү катышууну улантууда
2023 – Евразия конгрессинин алкагында КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары Н.М. Баясов “Өнөр жайдагы өлкө аралык инвестициялык долбоорлор” панелдик сессиясында сөз сүйлөдү.
Өз сөзүндө 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирликтин өнөр жай өндүрүшүнүн динамикасы 2021-жылга салыштырмалуу 99,4%ды, өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү Кыргыз Республикасында – 11,4%, Арменияда 7,9%, Казакстанда – 1,1% (Россияда – 0,6%, Беларусияда – 5,4% азайган) түзгөндүгүн белгилеп өттү.
2022-жылдын акырына карата Кыргыз Республикасында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин капиталынын катышуусу менен ишканалардын саны 380ден ашык ишкананы түздү. Россия Федерациясы, Казакстан Республикасы менен 274 ишкана, Беларусь Республикасы менен 12 ишкана жана Армения Республикасы менен 5 ишкана. Бардыгы болуп 670тен ашык ишкана түзүлдү.
2022-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Кыргыз Республикасына тике чет өлкөлүк инвестициялардын агымы 236,9 млн АКШ долларын, анын ичинен Россия Федерациясынан 145,6 млн АКШ долларын жана Казакстан Республикасынан ТЧИнин агымы 90,5 млн АКШ долларын түздү.
Н.М.Баясов бизнести колдоо инструменттерине жана платформасына токтолуп, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өнөр жай кооперациясынын инструменттеринин маанилүүлүгүн баса белгилеп, Биримдиктин алкагында түзүлгөн Индустриалаштыруу картасын белгиледи (учурда 25 тармакта жалпы суммасы 270тен ашык млрд АКШ долларын түзгөн 158 долбоор камтылган), анын ичинен Кыргыз Республикасы 3,37 млрд АКШ долларын түзгөн 16 долбоорду сунуштады), бул тиешелүү өнөр жай долбоорлоруна реалдуу убакыт режиминде байкоо жүргүзүүгө, ошондой эле ЕАЭБдин учурдагы өндүрүштүк жана импортту алмаштыруучу потенциалына талдоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү маалыматтык база болуп саналарын, Индустриалаштыруу картасында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин импортту алмаштырууга муктаж болгон негизги ишке ашырылып жаткан жана пландаштырылган инвестициялык долбоорлордун, технологиялык багыттардын тизмеси камтылгандыгына токтолду.
Ошондой эле Биримдиктин аймагындагы кызматташуу долбоорлорун колдоо үчүн жылына 20 миллион АКШ долларына жакын суммада түзүлүүчү фонд жыл сайын болжол менен 16-17 миллиард россиялык рублге барабар долбоорлорду колдоого үмүттөнөрүн билдирди. Каржылоонун жаңы форматынын башталышы 2024-жылдын башында болору күтүлүүдө.
Ал 2023-жылдын 1-апрелине карата негизинен агроөнөр жай комплексинин өндүрүшүнө жалпы суммасы 530 миллион АКШ долларын түзгөн 3302 насыя берген Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун баа жеткис салымын баса белгилеп, бул долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында 30 миңден ашык жаңы жумуш орундары түзүлгөндүгүнө токтолду.