Кувейт инвестициялык компаниясынын делегациясынын иш сапарынын алкагында мамлекеттик компаниялардын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлдү
Эскерте кетсек, Жакынкы Чыгыштан инвесторлор Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору У.Т. Темиралиевдин чакыруусу менен келишкен.
Делегациянын иш сапарынын жүрүшүндө ИУА Кувейт тарапка Кыргызстандын бизнес ассоциацияларынан жана ири ишканаларынан компаниялардын тизмесин изилдөө үчүн берген, Кувейт тарап кайсы компаниялар менен жолугушууларды өткөрүүгө кызыкдар экендигинин кыска тизмесин аныктады. ИУАнын колдосуу менен бул компаниялар менен В2В форматында сүйлөшүүлөр өттү.
Ошондой эле ири инфратүзүмдүк долбоорлор үчүн мамлекеттик компаниялар менен өзүнчө жолугушуулар өткөрүлдү. Кувейт тарап мамлекеттик фонддордун каражаттарын, ошондой эле жеке үй-бүлөлүк кеңселерди ири мамлекеттик долбоорлорго тартууга жардам берүүгө кызыкдар экендигин билдирүү менен долбоорлорду толук изилдөө, инвестициялоо мүмкүнчүлүгүн аныктоо үчүн тыкыр маалымат берүүнү өтүндү.
Кувейт инвестициялык компаниясынын делегациясынын иш сапарынын жыйынтыгында Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн негиздер түптөлдү.