Кыргызстан менен Пакистандын ишкерлери интеграциялык маселелерди талкуулашууда

Бүгүн 2023-жылдын 16-мартында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы, Кыргыз Республикасынын Элчилиги жана Кыргызстандагы USAID бизнес миссиясы менен биргеликте уюштурган соода-инвестициялык бизнес-форум өтүп жатат.

Улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев Кыргыз Республикасы менен Пакистан Республикасынын бизнес өкүлдөрүнүн ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана ишкердик мамилелерди чыңдоо үчүн бүгүнкү иш-чаранын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Иш-чарага билим берүү, саламаттыкты сактоо, мейманкана бизнеси, архитектура жана курулуш, маалымат технологиялары, логистика жана эл аралык транспорт сыяктуу тармактардан 40тан ашык компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Бүгүнкү иш-чара ишкерлер үчүн кызматташууну активдештирүү жана ийгиликтүү жана жемиштүү B2B жолугушууларды өткөрүү мүмкүнчүлүгү болуп саналат.

Форумдун жүрүшүндө ошондой эле Кыргызстандын өнөр жайчылар жана ишкерлер союзу менен Пакистандан келген «Глобалдык бизнес альянс» уюмунун ортосунда «Пакистан-Кыргызстан» соода үйүн түзүү боюнча келишимге кол коюлду.