Ишкерлерди колдоо

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун тапшырмаларынын негизги багыттарынын бири болуп, жеке ишкерлерге инвестициялык жагымдуу шарттарды жаратуу менен жумуш орундарын түзүү болуп эсептелет. Аталган тапшырмалардын аткарылышын камсыз кылуу максатында 2023-жылдын 10-февраль күнү Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Р.С.Мырзакулов, КРнын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлү Д.Бикулов, Кыргыз-Өзбек Өнүктүрүү фондунун Ош облусу боюнча өкүлү С.Эргешов, Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун (АРИС) Аймактык экономикалык өнүгүү (ПРЭР) долбоорунун аймактык адиси И.Исраиловдордун катышуусунда, Өзгөн районунун ишкерлери, дыйкан-фермерлери менен жолугушуусу өткөрүлдү.

Жолугушууда ишкерлер региондордун жана чарба субъекттердин инвестициялык паспортторун толтуруу тартиби жөнүндө, эл аралык стандарттар боюнча инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын инвестициялык саясатты ишке ашыруу маселелери жана кандай жумуштарды алып баруу жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Инвестициялык долбоорлор менен иштөөнүн багыттары жеңилдетилген насыяларды алуунун шарттары боюнча маалымат алышты. Иш-чаранын соңунда тараптар чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча кеп кеңештер айтылды .