2025-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин кызматкерлерине семинар өткөрүлдү.

Аталган семинарда 3 маселе каралып, алгач кызматкерлерге “e-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинетти колдонуу тууралуу түшүндүрүү иши жүргүзүлдү. Модуль аркылуу талапкерлер өздөрүнүн резюмесин толтуруп, мамлекеттик кызматтагы бош кызмат орундарына электрондук форматта конкурска катышуу үчүн өтүнмө тапшыруу мүмкүнчүлүгү жана ошондой эле жеке кабинет аркылуу көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгын текшерип чыгуу мүмкүнчүлүгү бар экендиги көрсөтүлдү.

Мындан тышкары семинарда Улуттук агенттиктин иш кагаздарын жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы колдонууну камсыздоо жана иш кагаздарды сабаттуу даярдоо кезектеги презентация көрсөтүлдү, ошондой эле кызматкерлерге кызматтык жана функционалдык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээлин тастыктоо үчүн Кыргызтест тестирлөөсүнөн өтүү шарттары боюнча маалымат берилди.

Белгилей кетсек, агенттиктин кызматкерлери арасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кириш каттарды, жарандардын кайрылууларын өз убагында кабыл алуу жана жооп берүү талаптары менен семинарлар үзгүлтүксүз өткөрүлүп тургандыгын билдирет.