Улуттук агенттик менен IFC мындан аркы кызматташуу пландарын талкуулашты
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Дүйнөлүк банк тобуна кирген IFC өкүлдөрү менен жолугушуу болуп, анда тараптардын мындан аркы кызматташуу пландары талкууланды.
Жолугушууга IFC жогорку даражалуу өкүлдөрү катышышты, анын ичинде Борбор Азиядагы жана Түркиядагы консультациялык долбоорлор боюнча программа менеджери Тарик Шахович, Кыргыз Республикасындагы IFC жетекчисинин милдетин аткаруучу Дмитрий Пятаченко, ошондой эле Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Рено Вуньер.
Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов эл аралык финансы корпорациясы менен биргеликте аткарылган иштер тууралуу айтып берди жана көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Тараптар “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун илгерилетүү, ошондой эле бизнес-коомчулуктардын арасында инвесторлордун даттанууларын кароо тартибин кеңири жайылтуу боюнча пландарды талкуулашты. Мындан тышкары,”Кыргызстанда венчурдук каржылоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору талкууланды.
Тарик Шахович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы №32 «Инвесторлордун даттанууларын кароонун жана аларды коштоонун тартиби жөнүндө» токтомун ишке ашырууда Улуттук агенттиктин жакшы динамикасын жана ийгиликтерин белгиледи. Мунун аркасында, биринчи этапта 90 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү инвестицияны сактап калууга жана 650гө чейин жумуш орундарын түзүүгө мүмкүн болгон жана кийинчерээк даттануу чечилгенден кийин инвестор жумуш орундарынын санын 1500гө чейин көбөйтүүгө ниеттенүүдө.
Бул ийгиликтер Улуттук агенттик менен IFC ортосундагы тыгыз кызматташтыктын натыйжасы. Алар инвестицияларды тартуу жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча Улуттук агенттиктин ишинин натыйжалуулугун тастыктап, эл аралык финансы корпорациясынын жогорку даражалуу өкүлдөрү белгилешти.