Улуттук агенттиктин Дүйнөлүк Банк менен кызматташуусунун жаңы этаптары

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Н. Баясов Дүйнөлүк Банктын Миссиясын кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө инвестициялык климатты жакшыртуу жана инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелери талкууланды.

УИАнын директорунун орун басары учурдагы кызматташтыктын жыйынтыктарын белгилеп, өлкөнүн инвестициялык климатынын учурдагы абалы жөнүндө маалымат берди.

Миссиянын негизги максаты “Кыргыз Республикасында тике чет өлкөлүк инвестицияларды илгерилетүү” аналитикалык ишин жүргүзүү жана анын андан аркы натыйжалары болду.

Жолугушуунун алкагында тараптар Кыргызстандагы Миссиянын максаттары жана милдеттери, орто мөөнөттүү мезгилге кызматташуу боюнча келечектеги пландар, Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын аныктоо жана инвестицияларды тартуунун жаңы механизмдери сыяктуу маселелерди талкуулашты.