Катар Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүүсүндө ишенимдүү өнөктөш болууга даяр

Бүгүн, 2023-жылдын 20-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов менен Qatar Mining Company Башкы директору Халед Ахмед Аль-Обейдли жетектеген Катардын экономикалык делегациясынын жолугушуусу болуп өттү.

Сүйлөшүүлөргө Айыл чарба, энергетика, жаратылыш ресурстары министрлеринин орун басарларынын деңгээлиндеги өкүлдөр, ошондой эле МЖӨ борборунун жана “Кыргыз Темир Жолу “УК” мамлекеттик ишканасынын башчыларынын орун басарлары катышып, учурдагы эки тараптуу экономикалык жана ишкердик кызматташтыкка тиешелүү бир катар маселелерди талкуулашты.

Улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов белгилегендей, Кыргызстан Борбор Азиядагы инвестиция үчүн келечектүү өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Азыркы учурда өлкө чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү менен өз экономикасын активдүү өнүктүрүп жатат.

Катар тарапка айыл чарба, тоо-кен казып алуу, гидроэнергетика, туризм, транспорттук логистика сыяктуу негизги тармактарда инвестициялык долбоорлор сунушталды.

Айыл чарбасы Кыргызстандын экономикасынын негизги тармагы болуп саналат. Инвесторлорго дан өндүрүү, эт-сүт, жашылча-жемиш өстүрүү сыяктуу ар кандай сегменттерге инвестиция салуу сунушталат.

Кыргызстанда алтындын, жездин, урандын, сейрек кездешүүчү металлдардын жана башка пайдалуу кендер бар, аларды казып алууга жана ар кандай буюмдарды жасоого пайдаланууга болот.

Тоолуу дарыялардын жана көлдөрдүн болушунан улам өлкө гидроэнергетиканын зор потенциалына ээ.

Туризм өлкөнүн экономикасынын эң динамикалуу тармактарынын бири. Беш жылдыздуу мейманканаларды курууга жана транспорт тармагын өнүктүрүүгө инвестиция салуу мүмкүнчүлүгү бар.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар туруктуу экономикалык өсүштү стимулдаштырууга багытталган инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча үзгүлтүксүз негизде активдүү кызматташуу ниетин билдиришти.