Улуттук агенттик БУУнун (UNWTO) Бүткүл Дүйнөлүк туризм уюмунун Башкы Ассамблеясынын 25-сессиясына катышты

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Самаркандда (Өзбекстан) өтүп жаткан БУУнун (UNWTO) Бүткүл Дүйнөлүк туристтик уюмунун Башкы Ассамблеясынын 25-сессиясына катышты.

Жыйынга дүйнөнүн 140тан ашуун өлкөсүнүн өкүлдөрү катышты.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев сессиянын ачылыш аземинде дүйнөлүк туризмди өнүктүрүүгө багытталган (UNWTO) аракеттеринин маанилүүлүгүн белгиледи.

Башкы Ассамблеянын алкагында глобалдык инвестициялык форум болуп өттү, ага туристтик тармактын алдыңкы компаниялары жана уюмдары катышты. Форумда министрлердин жана эл аралык финансы институттарынын жетекчилеринин катышуусунда беш панелдик сессия жана 22 презентация болуп өттү.

Улуттук агенттик Кыргыз Республикасынын туристтик-инвестициялык потенциалын көрсөттү. Ошентип, форумдун катышуучуларына глэмпинг парктарын жана лыжа базаларын куруу долбоорлорун ишке ашыруу, ошондой эле эко туризмди өнүктүрүү сунушталды.

Мындан тышкары, Улуттук агенттик Соода-өнөр жай палатасы менен биргеликте Наманган, Андижан жана Фергана облустарынын хокимдери менен Кыргызстандын ар түрдүү чөйрөлөрдөгү жана тармактардагы инвестициялык потенциалы жөнүндө бир катар сүйлөшүүлөрдү жана жолугушууларды өткөрдү. Мисалы, Андижан облусунун башчысы өлкөнүн түштүгүндө травертинди кайра иштетүүчү завод курууга кызыкдар болгон.

Маалымдама: UNWTO 1925-жылы Гаагада расмий туристтик ассоциациялардын эл аралык конгресси (ICOTT) катары негизделген. Уюм БУУнун адистештирилген мекемеси статусун 2003-жылы алган, андан кийин ал UNWTO деп аталган.

Штаб-квартирасы Мадридде (Испания) жайгашкан. Башкы катчы – Зураб Пололикашвили (Грузия). UNWTO 156 мамлекет кирет. Башкы Ассамблея жогорку орган болуп саналат. UNWTO Башкы Ассамблеясынын биринчи сессиясы 1975-жылы май айында Мадридде өткөн.