Улуттук агенттиктин, Бишкек ш. ЭЭА жана МЖӨ борборунун кызматкерлери Бишкек шаардык карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жалпы түрдөгү үй-интернатында болушту
Улуттук агенттиктин, Бишкек ш. ЭЭА жана МЖӨ борборунун кызматкерлери Бишкек шаардык карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жалпы түрдөгү үй-интернатында болушту.
Эл аралык карылар күнүнө арналган бир айлыктын алкагында алар мекемеге тамак-аш жана жылуу кийимдерди тапшырышты.
Кызматкерлер өздөрү бул интернаттын жашоочуларына көңүл буруу жана кам көрүү үчүн дайыма келип турууну каалашканын билдиришти.
Мекемеде болжол менен 220 адам жашайт, алардын көпчүлүгү жалгыз бой же ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар.
Улуттук агенттик мындай акцияларды улантып, жакшы салтка айлантууну убада кылууда.
Эскерте кетсек, бир айлык 15-сентябрдан 15-октябрга чейин “Карыларга көңүл буруу жана камкордук!” деген ураан астында өтөт.