Кыргызстан менен Кытай ишкер мамилелерди чыңдоодо: 150 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү меморандумдарга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Б.Э. Төрөбаев Пекин шаарында КЭРдин Чет өлкөлүк ишканалар ассоциациясынын колдоосу менен Улуттук агенттик тарабынан уюштурулган КЭРдин ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен иштиктүү жолугушуу өткөрдү.

Иш-чаранын алкагында ишкердик кызматташуунун келечеги, экспортту илгерилетүү, аймактык интеграция жана экономикалык өнүгүү маселелери талкууланды.

Панелдик сессиянын катышуучулары 10дон ашык Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү жана ишмердүүлүктүн түрдүү тармактарындагы 80 Кытайлык компаниялардын өкүлдөрү болушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында төмөндөгүлөр ортосунда жалпы суммасы 150 миллион АКШ долларынан ашкан өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдарга кол коюлду:

– Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен Кытай Эл Республикасынын Чет өлкөлүк ишканаларды өнүктүрүү ассоциациясы;

– Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен Гуандун провинциясынын курулуш материалдары ассоциациясы;

– Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Шандонг электрик технологиясы компаниясы; 

– Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Суу чарба кызматы менен China power international компаниясы;

– Кыргыз Республикасынын “Кыргыз геология” мамлекеттик ишканасы менен Шиндзи Шанхай өнөр жай корпорациясы;

– Кыргыз Республикасынын “Кыргыз геология” мамлекеттик ишканасы менен Дэарши компаниясы

Б.Төрөбаев бул иш-чаранын эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана эки мамлекет ортосундагы ишкер мамилелерди чыңдоо үчүн маанилүүлүгүн белгиледи. Панелдик сессия ишкерлер үчүн кызматташтыкты активдештирүүгө, ийгиликтүү жана натыйжалуу G2В жолугушууларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Панелдик сессиянын аягында кытай инвесторлору Кыргыз Республикасына ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн барууга кызыкдар экендигин билдиришти.